Бишкектин Октябрь райпрокурорунун орун басары милиция кызматкерлеринен пара опузалоого шектелүүдө    

  • 2 года мурун

УКМК тарабынан Башкы прокуратура менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.А.Э. 17-ноябрда кармалды.

Ал “кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар талап кылган. Аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынды.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты