Райондук милициянын кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Свердлов райондук милициясынын кызматкери 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук прокуратурасы Н.О. аттуу жарандын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери А.Э. жана К.Н. аттуу жаран жашы жете элек кызды жыныстык катнашта болууга мажбурлашкандыгы аныкталган.

3-мартта кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты