Путин Херсон жана Запорожьени аннексиялоого жол ачкан жарлык чыгарды

  • 1 год мурун

Орусиянын Президенти Владимир Путин 29-сентябрда орус күчтөрү басып алган Украинанын Херсон жана Зопорожье облустарын аннексиялоого жол ачкан, аталган аймактардын «мамлекеттик эгемендигин жана көз карандысыздыгын тааныган” жарлыкка кол койду.

Кремлдин сайтындагы маалыматка ылайык, жарлык жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 30-сентябрда Кремлде оккупцияланган Украинанын төрт облусун “Орусиянын курамына кошуу” тууралуу макулдашууга кол коюу аземи өтөрүн билдирди.

Ал күнү кол коюлган документти андан ары Конституциялык сот, Мамдума жана Федерациялык кеңеш жактырышы керек. Процедуралык отурумдар 4-октябрда аякташы мүмкүн.

Украинанын орус күчтөрү басып алган Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье аймактарында 23-27-сентябрда мажбурланган референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланды. Москва дайындаган жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга “макул” болгонун маалымдады.

Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын кайталады. Киев референдумдарды Орусия аталган облустарды аннексиялоо үчүн атайын уюштурганын билдирүүдө. Батыш өлкөлөрү да бул референдумдарды жана аннексияны тааныбай турганын маалымдап жатат.

Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.

Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген.

Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр жасалма референдум өткөн төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты