Психикалык саламаттык: Жардамды акысыз алууга болот (Даректер)

10-октябрда Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк психикалык саламаттык күнү белгиленди.
Кыргызстанда жүздөгөн адам жыл сайын жашоосу менен кош айтышып, алардын кайсы бир бөлүгү психикалык бузулуулардан улам буга барышат.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 2022-жылга карата маалыматына ылайык, өлкөдө 54 миңден ашуун кыргызстандык стационардык көзөмөлдө болуп, ал эми дагы 31 миң адам кеңеш алуу максатында кайрылган. COVID-19 пандемиясы, Кыргызстан чек арасына тажик аскерлеринин куралдуу кол салышы жана экономикалык кризис сыяктуу окуялар психикалык бузулуулардын, депрессиянын, тынчсыздануунун, паника чабуулдарынын көбөйүшүнө алып келди.

Өлкөбүздүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунан психиатриялык жардамды толугу менен бекер алууга боло тургандыгын көбү биле бербейт. Аталган жардам мультидисциплиналык топтор (МДТ) аркылуу 15 үй-бүлөлүк медицина борборунда көрсөтүлөт. Топтун курамына врач-психиатр, психолог, патронаждык кызматкерлер жана медайымдар кирет.

Медицина кызматкерлери бейтаптардын сакайып кетишине кызыкдар, бул максатта Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду кызыктыруучу каржылык төлөмдөрдү жүргүзүп турат. «Сорос-Кыргызстан» фонду бул демилгелердин жигердүү бөлүгүн колдоп, ал эми  «Үй-бүлө жана коом» коомдук бирикмеси аркылуу бул моделди саламаттыкты сактоо тутумуна кийрүүгө жана аны мамлекеттик каржылоо аркылуу туруктуу кылууга мүмкүн болду.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун даректери:

Мультидисциплиналык топ жайгашкан саламаттыкты сактоо уюмунун аталышыСаламаттыкты сактоо уюмунун дарегиКаттоо бөлүмүнүн телефону, облустук / райондук коду менен
1№1 ҮДБ Бишкек ш.Бишкек ш., Фучик көч. 15(0312) 644540
2№2 ҮДБ, №1 ҮДБ Ош ш.Ош ш., Касымбеков көч. 4(03222) 8-54-01
3Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Кара-Суу ш.Кара-Суу ҮДБ Киров көч. 5 кеңеш берүү бөлүмүнүн имаратыКара-Суу ЖДТБ кабылдамасы (03232)5-32-21
4Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун (ЖДТБ) алдындагы «Барын» амбулатордук дарт таануу борбору, Ноокат ш.Ноокат ш., Барын көч., 54-үй(03230)6-02-56
5Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Кызыл-Кыя ш.Кызыл-Кыя ш., Ленин көч. 3Кабылдама (03657)5-14-16
6Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Кадамжай ш.Кадамжай ш., Больничная көч. 7(03655)5-03-00
7Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Жалал-Абад ш. Жалал-Абад ш., Эркиндик көч. 12/а(03722)5-47-54
8Хайватов атындагы жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Сузак ш.Сузак ш., Дакан Полван көч.(03748)5-00-42
9Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Базар-Коргон ш.Базар-Коргон ш., Суйдуллаев көч. 59Кабылдама             (03637)5-01-05
10Ысык-Көл жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Каракол ш.Каракол ш., Абдрахманов көч. 121(03922)5-19-18
11Талас жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Талас ш.Талас ш., Бердике Баатыр көч. 293(03422)5-23-19
12Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Нарын ш.Нарын ш., Качкынов көч. 5Кабылдама              (03522)5-08-46
13Жалпы дарыгерлик тажрыйба борбору (ЖДТБ), Сокулук ш.Сокулук району, Сокулук а. Больничная көч. 1(03134)5-22-71
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты