Прокурор соттон укук коргоочу Азиза Абдирасулованы 3 миң сом айыпка жыгууну суранды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Азиза Абдирасулованын иши каралып жатат. Прокурор соттон Абдирасулованы 3 миң сом айыпка жыгууну суранды.

21-ноябрда райондук сотто Азиза Абдирасулованын ишин карала баштаган. Анда укук коргоочу материалдар менен таанышууга убакыт сураган. Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, жараян 23-ноябрда улана турган болгон.

23-ноябрда прокурор жок болгонуна байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө жылдырылган.

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ушул эле күнү Сапар Аргымбаев да кармалган.

Абдирасулова менен Аргымбаевге  укук бузуулар кодексинин 128-беренеси, «Милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө» беренесинин негизинде протокол толтурулгандан кийин кое берилген.

15-ноябрда парламенттин алдына 30дай киши Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы акцияга чыгышкан. Милиция Ак үйдүн алдында акция өткөрүүгө соттун чечими менен тыюу салынганын билдирип, андан кийин акция Максим Горький атындагы гүлбакта улантылган.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрдү” деген шек менен буга чейин 26 киши камакка алынган.

15-ноябрда Бишкекте акция учурунда милиция тарабынан кармалган укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана Сапар Аргымбаев төрт сааттан кийин бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты