Прокуратура бакчада баланы сабоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду

  • 9 месяцев мурун

Тергөөчүнүн чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, наристе баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду. Негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Б.Г. аттуу жарандын №94 балдар бакчасынын тарбиячысы анын 3 жаштагы баланы сабагандыгы тууралуу кайрылуусу боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөнүндөгү материалдарын текшерип чыкты.

Материалдарды карап чыгуунун жыйынтыгы менен №94 балдар бакчасынын тарбиялоочусу Б.М. өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Ж.О. аттуу үч жашар баланын денесине себепсиз залал келтирип, анын дене боюнун жана психикалык жактан өнүгүүсүнө коркунуч келтиргендиги аныкталган.

Бул иш боюнча Октябрь райондук ИИБ тергөөчүсү кылмыш ишин козгоодон баш тартып, материалдарды укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында кароого жөнөткөн.

Тергөөчүнүн чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылып, наристе баланын денесине залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси (баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Негизсиз процессуалдык чечим чыгарууга жол берген Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты