Профсоюздун эс алуу жайларына жолдомо берүү токтойт.  Алар президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз өтөт   

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 2028-жылга чейин кесиптик кошундар федерациясынын эсебинен санаторийлерге жолдомо берүүгө мораторий киргизди.

Мамлекет башчы тиешелүү токтомго кол койду, ал 24-ноябрда  “Эркин тоо” гезитине жарыяланды

Документте Кыргызстанда санаторий-курорттук мекемелерге жолдомол берүүгө мораторий киргизилери жазылган.

Фондго түшкөн каражат санаторийлердин курулушуна жана аларды оңдоого, алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалмакчы.

Кесиптик кошуундар федерациясына ушул жылдын аягына чейин алардын менчигинде турган санаториялык-курорттук мекемелерди президенттин иш башкармалыгына убактылуу акысыз пайдаланууга берүү сунушталды. Алардын тизмеси бир жумада такталат.

Садыр Жапаров сентябрь айында кесиптик кошуундар федерациясынын ишин сынга алып, башкы прокуратурага жана эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүү тапшырмасын берген.

Буга чейин кесиптик кошундар бирлигинин төрагасы Омор Арстанбеков 8 объектти — «Жети-Өгүз», «Кыргызстан», «Арсланбаб», «Чолпон-Ата», «Ош», «Арсланбаб-Ата», «Ош» жана балдардын «Улан» эс алуу жайларын Министрлер кабинетине ижарага берүү боюнча кайрылуу жасаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты