Президенттин куттуктоосу. Эфир сыртында иштегендерди да унутпашыбыз керек

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин кесиптик майрамы – телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде cиздер аркалаган кесиптин орду өтө бийик.

Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кылат.

Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин.

Жашап жаткан доорубузда не деген олуттуу окуялар, жетишкендиктер болуп жатат, эл ичинде ар кыл кесиптин не деген мыкты ээлери бар! Алар — сиздердин маектешиңер, ал турсун сырдашыңар болуп келүүдө. Алар менен калкты байланыштырып, телеберүүлөрдүн, радиоуктуруулардын сапатын көтөрүү сиздердин колуңуздарда.
Ошол эле учурда биз эфир сыртында эмгектенген кызматкерлерди да унутпашыбыз керек. Алар обого чыкпаса да, сапаттуу материал даярдоодогу орду өтө чоң.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты