Президенттин басма сөз катчысы: «Орозо айтын майрамдоого, мал союуга бийлик тыюу салды делген аудиожазуу чындыкка дал келбейт»

  • 2 года мурун

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына билдирүү таратты.

«Мессенжерлерде жана социалдык тармактарда Орозо айтты майрамдоого, бул күнү мал союуга бийлик тарабынан тыюу салынды делген аудиотасма тарап жатат. Бул аудиожазуу чагымчыл экенин жана чындыкка дал келбестигин билдирем. Коомчулукту адаштырбоону өтүнөбүз жана өлкөнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчилик бар экенин эске салабыз», — деп жазды Эрбол Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты