Президенттик балаты майрамы болду

  • 1 месяц мурун

28-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү.

Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылды, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызмат учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар. 

Президенттик балатыга келген балдарды куттуктоо үчүн президент Садыр Жапаров жана жубайы Айгүл Жапаров да катышты.  

Балдар үчүн бий ийримдеринин тарбиялануучулары тарабынан даярдалган “Алтын казык” аттуу театрлаштырылган жаңы жылдык музыкалык спектакль тартууланды. Жаш көрүүчүлөргө “Мекениме болгон сүйүү” аттуу сахналаштырылган оюн көрсөтүлдү. 

Жаңы жылдык майрамдын меймандары үчүн Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде даңазалаган “D Billions” музыкалык тобу чыгармаларын аткарды. 

Андан кийин өлкө башчы салтанаттын катышуучуларын куттуктап, келе жаткан Жаңы жылда ийгиликтерди, көксөгөн тилектердин орундалышын, өздөрүнө болгон ишенимди, жаңы идеяларды жана чоң жеңиштерди каалады. 

“Силер дагы, чоң кишилер — биз дагы Жаңы жылды изги үмүт-тилек менен күтөбүз. Жүрөгүбүздүн түпкүрүнө каткан жылуу сөздөрдү айтып, кубануу менен тособуз”, — деди президент. 

Аягында балдарга президенттин атынан белектер тапшырылды.  

Президенттик балаты майрамы болду

Сүрөттөр: president.kg 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты