Президентке караштуу маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи түзүлдү

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “№ 99 кесиптик лицейи мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. 

Жарлыкта айтылгандай, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында IT-адистерди сапаттуу даярдоого көңүл буруу керек. 

Кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берүү менен «№ 99 кесиптик лицей» мекемесине өзгөчө статус берилери каралды. Ал «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемеси деп аталсын.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты