Кесиптик лицейлерге эң көп абитуриенттер Бишкектен катталды
- 2 года мурун
2022-2023- окуу жылында кесиптик лицейлерге эң көп Бишкек шаарынан 2736 абитуриент катталды.
9- августтагы маалыматка ылайык, Бишкек шаары »Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасына арыз бергендердин жалпы санынын 54,52 % ын түздү.
Облустардагы көрсөткүчтөр мындай болду:
Ош облусу (37,45%), Ысык- Көл облусу (34,57%), Чүй (33,46%), Жалал-Абад облусу (26,73%), Талас облусу(24,71%), Баткен облусу(22,22%), Нарын облусу(18,88%).
Белгилей кетсек, абутириенттерлин кабыл алуу 2022-жылдын 30- августуна чейин https://2020.edu.gov.kg/npo/ сайтында жүргүзүлөт.
Муну бөлүшүү