Президент Жапаров шайлоодо добуш саткан да, сатып алган да соттолуп кетээрин эскертти

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров шайлоодо добуш саткан да, сатып алган да жазаланарын Фейсбук баракчасында жазды.  Президент адегенде ФБ постуна Россиянын тышкы иштер министи Сергей Лавровго арналган шарждын сүрөтүн коюп алып, кайра аны өзгөртүп, сүрөтсүз жарыялады.

-Шайлоодо добушун саткан да, сатып алып жаткан жарандар да жоопко тартыласыңар. Бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин соттолуп кетесиңер. Жазык кодексинде ушундай берене бар. Ошондуктан, шайлоочулар добушуңарды сатпагыла, талапкерлер сатып албагыла, -деп жазды Жапаров.

Ошондой эле укук коргоо органдарына андай көрүнүштөргө чара көрүүнү эскертти.

 -Эгер ушундай көрүнүштөр боло турган болсо, укук коргоо органдары катуу чара көргүлө! Мындан ары Кыргызстанда таза шайлоо салтын орнотобуз. Буга чейинки шайлоолор тарых болуп кала берсин.

Мамлекеттик башчы жазык Кодексиинин 192-беренесин кошо тиркеди.  

Президент ФБ постунун сүрөтүндө адегенде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго арналган шарждын сүрөтүн коюп алып, постун кайра сүрөтсүз берди.

Президент Жапаров шайлоодо добуш саткан да, сатып алган да соттолуп кетээрин эскертти

Кийин биринчи жайгаштырган сүрөттү алып салды.

Президент Жапаров шайлоодо добуш саткан да, сатып алган да соттолуп кетээрин эскертти

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты