Президент Жапаров расмий сапар менен Сеулга жөнөп кетти

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров, Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёлдун чакыруусу менен бүгүн, 2-декабрда, Сеул шаарына расмий сапар менен жөнөп кетти.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаровдун Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль жана Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Тараптар кыргыз-корей эки тараптуу кызматташуусунун бүтүндөй комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле регионалдык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Сапардын жүрүшүндө Ассамблеянын президенти жана Глобалдык өсүү институтунун төрагасы, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуусу болот.

Мындан тышкары, мамлекет башчы кореялык бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт.

Сүрөттө: Сеул шаары. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты