Президент Жапаров менен Ташиев Жалал-Абаддагы оңдолгон жолдорду кыдырды  

  • 6 месяцев мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы оңдолуп бүткөн ички жолдордун абалы менен таанышты.

Мамлекет башчы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен бирге шаардын ушул жылы башталып, бүгүнкү күнү оңдолуп, бүткөрүлгөн Курманбек, Малашев, Манас, Назаров, Балтагулов, Осмонов, Пушкин, Мамыр Баатыр, Байзаков көчөлөрүн автоунаа менен жол жүрүп, таанышты.

Көчөлөрдү кыдырган маалда бардык пландалган жерлерге асфальт төшөлүп, түтүктөр алмаштырылып, жөө адамдар өтүүчү жолдор салынып, тротуарлар жана түнкү жарыктандыруу орнотулгандыгы белгиленди. Бардык иштер бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты