Президент Жапаров иш сапар менен Орусияга кетти

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 24-декабрда, президент Садыр Жапаров иш сапар менен Орусияга жөнөп кеткенин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык Кеңештин  (ЖЕЭК) отурумуна жана Көз карандысыз Шериктештер Мамлекеттерине кирген өлкөлөрдүнж етекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат.  

Расмий делегация курамында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Орусиядагы элчи Гульнара-Клара Самат, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бар.   

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты