Президент Жапаров футбол боюнча достук оюнга катышат
- 2 years мурун
Президент Садыр Жапаров башында турган президенттик администрациянын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат.
Иш-чара кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.
Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.
Беттештерге президенттик администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.
Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.
Түз эфир башталышы – 13:45.
Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.