Президент Жапаров энергетикадагы көйгөйлөрдү санады

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрь — энергетиктер күнүнө байланыштуу куттуктады. Президент бул тармактагы көйгөйлөрдү, алдыдагы милдеттерди белгиледи.

-Алардын негизгиси — электр кубатынын жетиштүү топтомдо болбогондугу. Өзүбүздө чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын башка, кайра жаралуучу булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп, бөлөк өлкөлөрдүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга аргасыз болуп келебиз, -деди мамлекет башчы.  

Садыр Жапаров алдыдагы милдеттерди да белгиледи:

Энергетика жаатында ушундай артыкчылыктарыбызды туура пайдалануу аркылуу Кыргызстанды электр кубаты менен эч көйгөйсүз толук камсыз кылуу жана экспорттоо потенциалын өнүктүрүү максатында жакынкы жылдарда төмөнкү тапшырмаларды аткаруу зарыл:

—       иштеп жаткан ГЭСтердин кубаттуулугун 20%га көтөрүү менен бирге толук кандуу реконструкциялоо жана жаңылоо;

—       Борбордук жана Түштүк Азиядагы төрт мамлекетти бириктирип турган электр энергиясын берүүчү жогорку чыңалуудагы жаңы тутумду (CASA-1000) киргизүү;

—       энергиянын атаандаш булактарын пайдаланууга берүү, ошондой эле Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСин иштетүү, андан тышкары, мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүнүн алкагында Талас облусундагы Киров суу сактагычында өндүрүмү 25 мегаватт болгон Бала-Саруу ГЭСин, ал эми Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 мегаватт түзгөн чакан ГЭСти жана Кемин районунун Чүй айланма каналында чакан ГЭСти ишке түшүрүү жана башкалар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты