Президент Жапаров БУУ сессиясында дүйнө Палестина элине тилектеш болушу керектигин билдирди
- 2 месяца мурун
23-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп, президент Садыр Жапаров дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгиледи.
-Дүйнөнүн чар тарабында, ар бир булуң-бурчунда — Европада, Жакынкы Чыгышта, Африкада, Азияда жаңы куралдуу кагылышуулар жана согуштар тутанууда. Миллиондогон адамдар үй-жайынан ажырап, өз жерин, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз болууда, Миллиондогон адамдар курман болууда. Жапа чеккен адамдар кимдер? Негизинен карапайым эл!
Биз көптөгөн элдердин: Палестинанын, Украинанын, Судандын, Сириянын жана башкалардын азап чегип жатканына көз жумуп коё албайбыз, ал жерлерде согуштук аракеттер уланып, карапайым адамдар кырылып, адам укуктары бузулууда.
Дүйнө коомчулугу өзүнүн өзүмчүл геосаясий кызыкчылыктарына таянып, аталган чыр-чатактарга “мунусу көбүрөөк, ал эми тигиниси азыраак маанилүү” деген принцип менен мамиле кылып, кош стандарттуу ыкманы колдонууда.
Украинада дээрлик төрт жылдан бери жаңжал уланып, адамдар өлүп, жарандары өлкөдөн качып чыгууда.
Биз АКШ Президенти Дональд Трамп менен Россия Президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдойбуз.
Биз буга кызыкдарбыз! Анткени, россия-украина жаңжалынан улам биз дагы жапа чегип жатабыз.
Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?
Биз Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушубуз керек. Бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабашыбыз керек.
Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз!
Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керек.
Биз ошондой эле Катар менен Ирандын аймагына жасалган акыркы ракеталык чабуулдарды айыптайбыз, анткени бул чабуулдар көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүнө кол салуу болуп саналат, аймактагы туруктуулукка жана коопсуздукка коркунуч келтирет жана эл аралык укуктун ченемдерине каршы келет.
Газа, Иран, Ливан жана башка аймактардагы терроризмге, коркунучтарга каршы күрөшүү алардын масштабына жана мүнөзүнө ылайык келүүгө тийиш, бейкүнөө жарандар, аялдар жана балдар жабыркабашы керек, алар курмандыкка чалынбашы керек.
Ошондуктан биз Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган Афганистандын активдерин, 9 миллиард АКШ долларынан ашык акча каражатын мүмкүн болушунча тез арада мыйзамдуу ээсине – афган элине кайтарылышы керек деп эсептейбиз,-деди Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун сессиясындагы сөзүндө.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




