Президент Жапаров Антониу Гутерришти БУУ күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерришти жыл сайын 24-октябрда белгиленчү БУУ күнү менен куттуктады.

 «Эл аралык уюмдарды башкаруудагы көп жылдык тажрыйбаңыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги лидерлик сапаттарыңыз Уюмдун мындан аркы ишине да зор түрткү берет деп толук ишенем.

Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмун дүйнөдөгү эң маанилүү маселелерди чечүүчү борборго айланган абройлуу жана универсалдуу эл аралык уюм деп тааныйт. Ушунун негизинде Уюмдун 76-сессиясынын Жалпы дебаттарында Кыргыз Республикасынын атынан бир нече маанилүү эл аралык демилгелерди көтөрдүм. Алардын эң олуттуулары – 2022-жылы «БУУ — Борбордук Азия» саммитин өткөрүү жана «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты» кабыл алуу. Бириккен Улуттар Уюмунун Башчысы катары ушул демилгелерге жеке колдоо көрсөтүү менен бирге аталган саммитке сизди катышат деп ишеним артам» деп айтылат куттуктоодо.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты