Президент «Төлөйкөн» ат майданын реконструкциялоо иштери менен таанышты
- 9 месяцев мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Төлөйкөн» ат майданын капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысына быйыл спорт объектисин капиталдык реконструкциялоого республикалык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөнү туурасында маалымат берилди.
31-август — Эгемендик күнүнө карата аталган ат майданда алгачкы майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!