Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йорк шаарына барды
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-юбилейлик сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барды.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Мамлекет башчынын учагы Джон Кеннеди атындагы эл аралык аэропортко конду.
Президент Садыр Жапаровду АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк маселелери боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
23-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.
Мамлекет башчы ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин «Жасалма интеллект: эл аралык коопсуздук жана тынчтык» темасындагы ачык дебаттарына жана Климаттын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги атайын иш-чарага катышат.
Мындан тышкары БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу өтөт.
Сүрөт: president.kg




