Президент Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районун өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчыга райондун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди. Аким Данияр Шейшеканов өткөн жылы 11 социалдык объект курулуп, 128,5 км жол салынып жана оңдолгонун, 5 айыл жана шаар таза суу менен камсыздалганын белгиледи.
Дагы 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Алардын катарына мектеп, бала бакча, спорт зал жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.
Мындан тышкары, кубаттуулугу 600 кВт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи ишке берилген. Ар бири 7,93 МВт кубаттуулуктагы “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” гидроэлектр станцияларынын курулушу уланууда.
12 ири ишкананы ачуу пландалууда, анын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампа бар.
Сүрөт: president.kg




