Президент өлкөгө 10 млн турист келиши күтүлүп жатканын айтты

  • 11 месяцев мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде кыргызстандыктарды өлкөнүн жаратылышын сактоого жана тартипке чакырды.

 Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу айтып, мамлекет башчы быйыл өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдү 4 ай ичинде 96 миң метрге жакын браконьердик тор жана 6 тоннага жакын таштандыдан тазалаганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, балык кармоого мораторий бар экенин эскертип, балыктардын санын көбөйтүүгө көмөктөшүүгө чакырды.

«Кыргызстандын жаратылышын сактагыла, деп, биз көбүнчө өлкөбүзгө келген туристтерге кайрылабыз, бирок өз мисалыбыз менен тескерисин көрсөтүп жатабыз. Мен бардыгыңарды бири-бириңерди тарбиялоого, тартипке салууга, айлана-чөйрөнү булгабай, аяр мамиле жасоого  чакырам» деди ал.

Туризм тармагын өлкө экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири катары белгилеп, Президент Садыр Жапаров болжолдоолорго ылайык, быйыл 10 млн туристтин келиши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты