Президент карылардын эл аралык күнү менен куттуктады

  • 7 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-октябрь – карылардын эл аралык күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

-Улуу муун өкүлдөрү үчүн мамлекет тарабынан татыктуу жашоо шартын түзүү, алардын коомдун жашоосуна жигердүү катышуусун камсыздоо аракети ар дайым жүргүзүлүп келет. Улгайган жарандарыбызды социалдык жактан коргоону камсыздоо үчүн пенсия өлчөмдөрүнө жыл сайын индексация жүргүзүлүүдө. Соңку эки жылда пенсия олуттуу түрдө жогорулады. Өткөн жылы 33 %га көбөйтүлгөн болсо, быйыл 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га көтөрүлдү. Ошондой эле өткөн жылы социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 100 % жогорулаган эле.

Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары — Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алуу менен адамды, анын ичинде улуу муундун өкүлдөрүн өнүктүрүү.

Кылымдардын кыйырынан бери тажрыйбаланып, мезгил сыноосунан өткөн салт-санаа, үрп-адаттарды уул-кыздарына, небере-чөбөрөлөрүнө аярлап сактап, үйрөтүп, өткөрүп берүү менен алектенген аталар, апалар, баарыңыздарды карылардын эл аралык күнү менен дагы бир жолу куттуктайм! -деди президент Жапаров.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты