Президент БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Воронковду кабыл алды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын орун басары — БУУнун Терроризмге каршы башкармалыгынын башчысы Владимир Воронковду кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров регионалдык деңгээлде Кыргызстан БУУ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен экстремизмдин алдын алуу жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен иш-аракеттерди ишке ашыруу алкагында, анын ичинде баңги аткезчилиги, арам акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо сыяктуу трансчек аралык кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы турууда ийгиликтүү кызматташып жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Владимир Воронков БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин көрсөтүүгө байланыштуу өлкөнүн бул орунду алууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Воронков ошондой эле кадрларды даярдоо жана БУУнун институттарында кыргызстандык жаш адистер үчүн стажировкаларды уюштуруу жаатында кызматташууну кеңейтүү маселесин кароону сунуштады.

Мындан тышкары, Владимир Воронков Кыргызстанда контртеррористтик күн тартибин илгерилетүү үчүн күчтүү мыйзамдык база түзүлгөнүн баса белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты