Президент администрация кызматкерлери менен бирге ишембиликке катышты

  • 5 дней мурун

Президент Садыр Жапаров администрациянын, мамлекет башчынын иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге бүгүн, 14-сентябрда, «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембиликке катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

Маалыматта айтылгандай, ишембиликтин катышуучулары ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Садыр Жапаров кызматкерлери менен баарлашып, тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды.

«Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, экономикабызды өнүктүрөбүз десек, өзүбүздөн башташыбыз керек. Бир сааттын ичинде кенедей жерден ушунча таштанды жыйналып жатканда, туристтик жагымдуулук тууралуу кантип сөз кыла алабыз. Тазалык – биздин айланабыздагы дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү болуп саналат. Ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштанды тергенди үйрөнүшү керек. Биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек, биз балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлонушубуз кажет” деп белгиледи мамлекет башчы.

Садыр Жапаров өлкөбүздүн ар бир булуң-бурчу, мейли шаар болобу, айыл жери болобу, көрктөндүрүлүп, жашоого жана эс алууга жагымдуу болушу зарылдыгын баса белгиледи.

Президент администрация кызматкерлери менен бирге ишембиликке катышты

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты