Планетарий жайгашкан жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан көрүлгөн чаралардын алкагында Панфилов атындагы парктын аймагына жакын жайгашкан жалпы аянты 0,42 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды.
УКМК басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган жер тилкени жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схеманы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз токтому менен айрым жогорку кызматтагы адамдар аркылуу уюштургандыгы такталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 0,42 гектарды түзгөн муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталды. УКМК тарабынан козголгон соттун чечимине ылайык, аталган комплекс мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы