Пентагон: Украина кассеталык ок-дарыларды алды

  • 1 год мурун

Украина АКШ бөлгөн аскердик жардамдын жаңы топтомунун алкагында кассеталык ок-дарыларды алды.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Күн мурун «Твария» аскерлеринин ыкчам-стратегиялык тобунун командири Александр Тарнавский Украина азырынча кассеталык ок-дарыларды колдоно электигин, бирок алар «согуш талаасындагы абалды түп тамырынан бери өзгөртүшү мүмкүн экенин» айткан.

Жалпы баасы 800 миллион долларды түзгөн аскердик жардамдын жаңы топтому Украинага 7-июлда бөлүнгөн. Анын курамына кассеталык ок-дарылардан тышкары чопкутталган Bradley жана Stryker аскердик унаалары, HIMARS’тар, гаубицалар жана абадан коргонуу системалары үчүн снаряддар кирген.

Анда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Вашингтон кассеталык ок-дарылардын кооптуулугун түшүнүп турганын, ошондуктан аларды Украинага берүү боюнча чечим дароо кабыл алынбаганын белгилеген. Бирок ал орус армиясы буга чейин мындай дүрмөттөрдү Украинанын аймагында колдонгондуктан, Киевдин да ушундай эле курал менен коргонууга мүмкүнчүлүгү болушу керектигин айткан.

2022-жылдын 10-февралына карата кассеталык ок-дарыларды колдонууга тыюу салуу тууралуу Эл аралык конвенцияга жалпысынан 123 өлкө кошулган. Алардын 110у мүчө болсо, 13ү «кол койгон тарап деп эсептелинет.

Кассеталык ок-дарыларды өндүрүү жана алардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турган АКШ, Орусия жана Кытай бул конвенцияга кол койгон эмес. Ошондой эле бул куралды натыйжалуу жана зарыл деп эсептеген Индия, Пакистан, Израиль, Түштүк Корея жана Украина да ал макулдашууну колдогон эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты