«Печора-2 БМ» көчмө зениттик-ракеталык комплекс алынып келинди

Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» көчмө зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган техника Беларустан сатылып алынган жана Кыргызстандын коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрүнүн куралдарынын катарында болот. 

Маалыматта айтылгандай. эгемендик алгандан бери биринчи жолу бюджеттик каражатка мындай көчмө зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды.

Мындан тышкары чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар сатылып алынган. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда, жаңы техниканын мүнөздөмөлөрү менен таанышты,

Президент өткөн жылдын 4-кварталында «Белтехэкспорт» жабык акционердик коому менен «С-125» зениттик ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн кошумчалап айтты. Азыркы күндө контракт боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы жеткирилди. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты