Парламенттер аралык форумда Бишкек декларациясы кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 23-сентябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин III Парламенттер аралык форумунун жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынды. 

Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мындай деди:

“Биз биргелешкен аракет менен чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыздоого жана коңшулаш жашаган беш мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуу боюнча пикир алмаштык. Көтөрүлгөн ар бир маселе эске алынып, Бишкек декларациясында камтылды. Бул декларация Борбордук Азиядагы мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы диалогду кеңейтип, аймактык өнүгүүнүн башкы жол картасы болоруна терең ишенем” деди. 

Ошондой эле декларацияны колдоого алган парламент жетекчилерине ыраазычылыгын билдирип, форум өз максатына жеткенин кошумчалады. 

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты