Парламентте “Анык эмес маалыматтан коргоо тууралуу” мыйзам долбоору четке кагылды  

  • 11 месяцев мурун
Парламентте “Анык эмес маалыматтан коргоо тууралуу” мыйзам долбоору четке кагылды  

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Анык  эмес маалыматтан коргоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды жана четккее кагылды.

Мурда кабыл алынган “Анык эмес маалыматтан коргоо тууралуу” мыйзамда бир катар алешемдиктер кетирилген. Жаңы мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дастан Бекешев негизи “Анык эмес маалымат тууралуу” мыйзам долбоорун такыр эле алып салуу керектигин, бирок азыркы учурда ага макул болушпайт, ошондуктан айрым оңдоо, түзөтүүлөрдү сунуштап жатышканын билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев блогерлер да журналисттер сыяктуу, этикасы, ирети менен сурай тургандай сунуш берүүнү сунуштады.

Депутат Мирлан Самыйкожо профессионал журналисттердин ишин фейктер басып киргенин, анык эмес маалыматтарды “жүзү жок” адамдар чыгарып жатканын белгилеп, социалдык тармактарда техникалык жактан канчалык мүмкүнчүлүктөр бар экенине кызыкты.

Депутат Шайлообек Атазов аталган мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салуу боюнча сунуш киргизди. Негизги баяндамачы келбей калган. Депутат жалган маалымат таратканды 24 саат эмес, 3 суткага чейин коюп туруш керек деп жатат.

“Чет өлкөнүн тыңчылык мыйзамдарын кыргыз коомуна киргизбейли. Кыргыз улутун, керек болсо мамлекеттик ишмерлерин абийирин төгүп жатасыңар” деди Шайлообек Атазов.

Депутат Адахан Мадумаров кеп принцибинде болуп жаткандыгын, “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” экенин белгиледи.

-Кеп принцибинде болуп жатат. Эгер жагымдуу киши жөнүндө жазса, түнү менен баса калып, эки саатта алып келип, колун кайрып, салчу жерге салып коет. Алардын көз карашында айтып койгондорду, үстүнө барып, сыйлык беришет, чайга чакырышат. Кеп ушунда, -деди Адахан Мадумаров.   

Аталган мыйзам долбоору добушка коюлуп, четке кагылды.  

22-майда социалдык саясат боюнча комитет кезектеги жыйынында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун караган.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Ж. Акаев, А. Мадумаров, Э.Сатыбалдиев, Г.Кожокулова, Д. Бекешев, С. Атамбаев, Ч. Айдарбеков.

Депутат Жанар Акаев комитетте белгилегендей, “Азыр ЖМКга анык эмес маалымат жарыяланган болсо, Маданият министрлигинин алдындагы жумуш топ карап туруп, актанууга негиз бербей эле жабылсын деген чечим чыгарып жатат. Биз далилдеп берүүгө убакыт берилсин деп жатабыз”- деди депутат Акаев.

Мында интернет сайттын ээси же интернет желесиндеги баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби белгиленүүдө.

Мындан тышкары жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн узартуу, тагыраагы, арыз келип түшкөн учурдан таратып 24 саат эмес, 3 күнгө чейин узартуу сунушталууда.

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам алгач Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген ат менен сунушталган. Бир топ юристтер жана активисттер бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын айтып бир катар нааразчылык акцияларын уюштурушкан. Мындан улам ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды кабыл албай артка кайтарган. 

Бирок 2020-жылы октябрь окуясынан кийин парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн. 

Мыйзам 2021-жылы бир топ талаш-тартыштардан кийин кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, доосу бар тарап ЖМКга “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү көрсөтүлгөн.          

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты