Комитет «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда жактырды

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 22-майда, социалдык саясат боюнча комитет кезектеги жыйынында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери Ж. Акаев, А. Мадумаров, Э.Сатыбалдиев, Г.Кожокулова, Д. Бекешев, С. Атамбаев, Ч. Айдарбеков.

Депутат Жанар Акаев белгилегендей, «Административдик иштин негиздери жана процедуралары жөнүндө» мыйзамда белгиленген мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу арыздарын кароонун жол-жоболорундагы карама-каршылыктарды жоюу сунушталып, 3 жана 4-беренелерине өзгөртүү киргизилип жатканын белгиледи. “Азыр ЖМКга анык эмес маалымат жарыяланган болсо, Маданият министрлигинин алдындагы жумуш топ карап туруп, актанууга негиз бербей эле жабылсын деген чечим чыгарып жатат. Биз далилдеп берүүгө убакыт берилсин деп жатабыз”- деди депутат Акаев.

Мында интернет сайттын ээси же интернет желесиндеги баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби белгиленүүдө.

Мындан тышкары жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн узартуу, тагыраагы, арыз келип түшкөн учурдан таратып 24 саат эмес, 3 күнгө чейин узартуу сунушталууда.

Талкуу учурунда депутат Айбек Маткеримов жалган маалымат тараткандыгы үчүн ЖМКнын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин козгоп, Маданият министрлигин арыздарды адилет жана калыс кароого чакырды. Ал 3 күндүк мөөнөт өтө узак экенин билдирип, каршы пикирин айтты.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков канча кайрылуу келип түшкөнүнө кызыкты. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлинин орун басары Чынгыз Эсенгулов 2022-жылдан тарта министрликке 22 арыз келип түшкөнүн, анын көпчүлүгү ишкерлерден жана жарандардан келгенин билдирди.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Буга чейин Кыргызстан медиа аракет платформасы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылган. Анда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүнү колдоого чакырган.

16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды. 

«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам алгач Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген ат менен сунушталган. Бир топ юристтер жана активисттер бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын айтып бир катар нааразчылык акцияларын уюштурушкан. Мындан улам ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды кабыл албай артка кайтарган. 

Бирок 2020-жылы октябрь окуясынан кийин парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн. 

Мыйзам 2021-жылы бир топ талаш-тартыштардан кийин кабыл алынган. Бул мыйзамга ылайык, доосу бар тарап ЖМКга “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү көрсөтүлгөн. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият министрлигине берилген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты