Пара алууга шектелип кызматтан кеткен Бопонов кайра мурдагы кызматына дайындалды  

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ)  Жол кыймылынын коопсуздугун  көзөмөлдөө башкармалыгынын башчылык кызматына  милициянын полковниги Шаирбек Бопонов дайындалды.

Бул тууралуу Чүй  облустук ИИББ басма сөз кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка ички иштер министри Улан Ниязбеков кол койду.

Жаңы жетекчини өздүк курамга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын көзөмөлдөө башчысынын орун басары Манасбек Сыдыгалиев тааныштырган.

 Жаңы дайындалган жетекчиге талаптарды аткарууну, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында алгылыктуу иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырганы айтылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2020-жылы Чүй облустук Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Шаирбек Бопоновду жана инспекторлорду пара алууга шектүү катары айыптап, кармаган. Андан кийин кызматтан алынган. Бирок сот тарабынан Шаирбек Бопонов акталып, кайра мурдагы кызматына дайындалды.  

Сүрөттө: Шаирбек Бопонов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты