Панфилов паркында өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-майда, Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Панфилов сейил багынын аймагында жайгашкан «Панорама» кафесинен өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт саат 07:12де чектөөгө алынып, толугу менен саат 8:26да өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталып жаткандыгы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты