Ошто Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өттү

  • 1 месяц мурун

29-майда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында кыргыздын залкар акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы жыйынтыкталды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Поэзия майрамына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, акындын жубайы Меңди Мамазаирова, чет элден чакырылган меймандар, шаар тургундары жана поэзия сүйүүчүлөр катышты.

Фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн, Кыргыз Республикасынын жаш акындары катышып, фестивалдын лауреаттары аныкталды.

Министрликтин маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын атынан фестивалдын лауреаттары: Нарсулуу Гургубаева, Бердибек Жамгырчиев, Нуриза Өмүрбаева болду.

Дипломанттары: Максат Жангазиев, Ибрагим Айип уулу, Айзат Кудайберди кызы, Гүлүмкан Исаева, Садырбек Турдубек уулу .

Казакстандын атынан фестивалдын лауреаттары: Арайлым Мураталиева, Мэрей Карт, Эльмира Есхожаева.

Дипломанттары:

Ерік Нарынов, Өмиртай Еділханұлы.

Азербайжандын атынан фестивалдын лауреаттары: Айшан Рахимова, Надир Ялчин уулу, Фарид Хусейинов.

Дипломанты: Интихам Яшар

Мажарстандан (Венгрия) фестивалдын лауреаттары: Арпад Колар (Kollár Árpád), Матьёш Регёш (Mátyás Regős)

Өзбекстандын атынан фестивалдын лауреаттары: Масихуллох Мадаминов, Шоди Отамуродов, Хулкар Шерзодова .

Дипломанттары: Дадахон Муҳаммадиев, Эркинжон Хожимаматов, Ниятулло Элбек ўғли, Фоёз Яхёхон.

Түркиянын атынан фестивалдын лауреаттары: Юнус Карадаг, Севги Демирчи.

Түркмөнстандын атынан фестивалдын лауреаттары: Муххамед Бекдиев, Даанатар Галпаков.

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программа тартууланып, акындын калемине таандык ырлар окулуп, обондуу ырлары орун алды.

Фестивалдын уюштуруучулары:  ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги,  Ош мамлекеттик университети, Ош шаарынын мэриясы, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Улуттук жазуучулар Союзу, Түрк дүйнөсү жазуучулар бирлиги, Евразия жазуучулар союзу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты