Ошто Жапалак айылынын тургундары жол коопсуздугун талап кылып акцияга чыгышты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-майда, Ош шаарынын Жапалак айылынын 40тай тургуну жол коопсуздугун талап кылып нааразычылык акцияга чыгышты.

Алар Ош-Ноокат-Баткен автоунаа жолунда окуучуларды машиналар сүзүп кеткен окуяларга тынчсыздануусун билдиришти. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 13-майда мектепке бара жаткан алты жаштагы баланы «Howo» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа сүзүп кеткен. Акцияга чогулгандар ушуну менен жыл башынан бери төртүнчү баланы машина сүзүп кеткенин айтышты.

Жергиликтүү тургундар буга чейин шаардык мэрияга жол чырак орнотуу боюнча бир канча жолу кайрылып, бирок маселе чечилбегенин билдирүүдө. Алар жергилктүү бийлик өкүлдөрүн келип эл менен жолугушуусун талап кылышты.

Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин Кыргызстанда 1 173 жол кырсыгы катталып, 82 адам каза болуп, 1673 киши жаракт алган.  Өлкөдө 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты