Ошто тамактануучу жай өрттөндү (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
Оштун Навои көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:55те жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты жана ыкчам топ тартылган.
Өрт саат 10:16да чектөөгө алынып, болжол менен 700кв.м. аянты күйгөнү белгилүү болду. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.
Алдын- ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!