Ошто Ооганстандан чыгарылган газдалган анар суусундугу сатыктан алынууда
- 4 месяца мурун
Ош шаарында оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан шаардагы соода түйүндөрүнөн “Золотая жизнь” аталышындагы газдалган анар суусундугу сатыктан алынууда.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, аталган иш-аракеттер оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Анткени лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Афганистандан чыгарылган аталган суусундук балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген “азорубин Е 122” боёгун камтыйт деп табылган.
Ошондой эле соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы продукцияны сатууга тыюу салуу тууралуу тиешелүү көрсөтмөлөр берилүүдө.
Сүрөт: Ош шаар мэриясы