Ошто каза болгон үч орусиялык ФСБнын кызматкерлери экени айтылууда

  • 2 года мурун

Ошто Орусиянын үч жараны каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу 27-июлда «Азаттык» радиосуна шаардык милициядан билдиришти.

Айрым маалымат каражаттары каза болгон үч адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери экенин жазып жатышат. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Оштогу Башкы консулдугу бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Абсатар Тавакаловдун айтымында, окуя 26-июлга караган түнү болгон:

«Гапар Айтиев көчөсүндө болжол менен түнкү 1:30 чамасында «Хонда» үлгүсүндөгү автомашина жарнама орнотулган мамыны сүзүп, аварияга кабылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу жерине барып, тактоо иштерин жүргүзгөндө ал жерде жан берген үч адам Орусиянын жарандары экенин аныкталган».

Машина кырсыкка катуу ылдамдыкта баратып кабылганы, мамыны сүзүп, экиге бөлүнүп кеткени, каза болгондордун жаш курагы 47, 40 жана 36да экени айтылууда.

Ошто Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун өкүлчүлүгү иштейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты