Ошто каналга чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылды
- 1 год мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 11-июлда Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылынан агып өткөн Южный каналына 9 жашар К.М. жана 7 жашар К.М. аттуу балдар сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөндүгүн жана ал 12-июлда алардын сөөгү табылганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 12-июлда эртең менен балдардын биринин сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген. Экинчи баланын сөөгүн туугандары тарабынан табылган.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымдады.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү