Ошто көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады

  • 2 года мурун

Ош облусунун райондорунда тоннасы 3 миң сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат.

Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн.

Тургундар арзан көмүр сатылуучу базалардын даректерин райондук мамлекеттик администрация же айыл өкмөттөрдөн биле алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты