Ошто ислам укук таануучусу Имам Сарахсиге арналган илимий конференция өттү

  • 2 года мурун

Ош шаарында ислам укук таануучусу Имам Сарахсиге арналган илимий-практикалык конференция өттү.
Конференцига катышкан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Имам Сарахсинин илими менен Борбор Азияга атагы чыккан өмүр жолуна, даанышмандыгына токтолду.

Анын Өзгөн зынданында 15 жыл түрмөдө жатып жазган илимий эмгеги тууралуу айтып берди.
Имам Сарахсинин интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү жана эс тутуму жогору болгон. Зынданда эч кандай адабият, калем, кагаз колдонбой, окуучуларына өзүнүн атактуу “Аль Мабсут” китебин айтып, жаздырган. Имам Сарахси илим менен билимди баарынан жогору койгон.

Өмүрүнүн эң оор учурларында да дин кызматын таштабай, бир катар чыгаан илимпоздорду тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы үч жылын эркиндикте өткөрүп, китептерин аягына иштеп чыгарган.

Андан соң мамлекеттик катчы улуттук маданиятты даңазалоо, улуттук тарыхый-маданий мурастарды калк арасында жана дүйнө коомчулугуна жайылтуу максатында экинчи жолу өтүп жаткан «Өзгөн-Мунара-2022» этно-фольклор фестивалына катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты