Ошто 70-жылдары курулган көп кабат үйлөрдөгү мозаика тууралуу даректүү тасманын бет ачары болот

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 29-ноябрда, саат 15:00дө Ош шаарынын «Семетей» кинотеатрында «Оштогу мозаикалар» даректүү тасманын бет ачары болот.

Бул тууралуу “Сорос-Кыргызстан” фондунун басма сөз кызматы маалымдады.

Анда айтылгандай, даректүү тасма 2023-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде тартылды. Тасмада Ош шаарындагы мозаикалардын авторлорунун, сүрөтчүлөрдүн баяндамалары жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды.

Тасма “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен ишке ашырылган.

Совет бийлиги убагында Ош шаары жаңыланып, жаңы үйлөр курулуп баштайт.Курулуштун туу чокусу 70-жылдарга туш келет да, “Хрущевка” деп аталган панелдүү көп кабаттуу үйлөрдүн жапырт курулушу башталат. Окуу жайларынын жана маданият мекемелеринин жаңы имараттары курулуп, завод жана фабрикалар реконструкцияланат да, имараттардын жана турак жайлардын фасаддарында мозаика пайда боло баштайт.

Бул мозаикаларды жаратуу үчүн атактуу сүрөтчүлөр тартылып, чоң суммадагы акча бөлүнгөн. Оштогу мозаикалардын негизги сюжеттери тынчтыкка, спортко, эмгекке, космосту өздөштүрүүгө арналган жана алар идеологиялык пропаганданын негизги куралы болгон.

Шаар мозаикалары – уникалдуу маданий мурас, совет бийлиги убагындагы адамдардын турмушун, алардын идеалдарын, ой жүгүртүүсүн чагылдырган тарыхый эстеликтер. Ош шаарында совет доорунун кызыктуу мозаикалары сакталып калган.

Ош шаарынын бир дагы мозаикасы мамлекет тарабынан коргоого алынган маданий мурас объектилеринин тизмесине кирген эмес. Мозаикалар кейиштүү абалда, талкаланууга дуушар болуп жатат, жарнамалык баннерлердин фонунда жоголуп кеткен, мамлекет тарабынан мозаикаларды калыбына келтирүүгө жана коргоого эч кандай чара колдонулбай жатат..

Убактысы: 29-ноябрь, саат 15:00дө

Дареги: “Семетей” кинотеатры

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты