ОшМУнун 85 жылдыгы. Келечек муундун ХАБы ачылды

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата «Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору» аттуу эл аралык  форумга катышты.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

«ОшМУнун бюджети ХХI кылымдын башында 87,5 млн сомду түзсө, бүгүнкү күндө 4 млрд сомдон ашты. Кыргызстандагы бай университеттерден болду. Мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү да жылына 130 млн сомдон ашты” деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле Акылбек Жапаров форумдун алкагында уюшулган көргөзмөгө катышты. Көргөзмөгө ОшМУнун Бизнес паркынын 39 стартап долбоору , ата мекендик 67 бизнес компания жана Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген 10го жакын бизнес чөйрө өкүлдөрү катышууда.

Мындан тышкары МинКаб башчысы ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайда «Келечек муундун ХАБы»  («Next Generation HUB») борбору ачылышына катышты. Белгилей кетсек, Jiangsu Huibo Robotics компаниясыны менен биргеликте ачылып жаткан борбор Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат.

500 чарчы метр аянтчага компания тарабынан 5 млн АКШ долларына алынган робототехникалар жана жабдууларды көрүп чыгып, окуу жайдын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

ОшМУнун 85 жылдыгы. Келечек муундун ХАБы ачылды
ОшМУнун 85 жылдыгы. Келечек муундун ХАБы ачылды

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты