Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титиреди

  • 2 года мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-апрелде саат 04:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында 4 балл, Красный Маяк, Жыланды айылдарында 3,5 балл, Шералы, Кароол, Бакмал, Ничке-Сай айылдарында 3 балл сезилген.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка, Бек-Абад, Сузак, Жар-Кыштак айылдарында 3 балл, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты