Ош шаарынын депутаттары мэр Жетигеновду жумуштан бошотууну сунуштады            

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн 14-ноябрда, Ош шаарынын жыйынында депутаттар мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Сессияга 42 депутат катышып, алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үчөө каршы болду.

Мэрди кызматтан бошотуу талабы шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын себеп катары айтышууда. Бирок чечимдер аткарылып жатканы мэрия кызматкерлери тарабынан белгиленүүдө.  

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп мындан бир жыл мурда дайындалган.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын депутаты болгон.

2021-жылдын ноябрында Жетигенов бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен камакка алынган.

22-декабрда Жогорку Кеңеш депутат Бакыт Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген эмес. Жетигенов камактан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты