Ош шаарынын борбордук стадион аймагынын бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды
- 3 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош шаарынын борбордук стадионунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзгөн курулуштары бар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык инфраструктура объектилери уставдык фонддогу мамлекеттик үлүштүн өлчөмүнө карабастан, менчиктештирилген ишканалар жана мекемелер тарабынан сатууга тыюу салынган. Ошондой эле мындай объектилер алардын балансында болсо же менчиктештирүү учурунда алардын учурдагы колдонулушу сакталып калган шартта бекер өткөрүлүп берилсе да, аларды сатууга уруксат берилбейт.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди.
Сүрөт: УКМК




