Ош шаарында жыл аягына чейин митинг өткөрүүгө чектөө коюлду
- 2 года мурун
Ош шаарынын аймагында ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүүгө чектөө киргизилди.
Бул тууралуу «Интербилимдин» Ош филиалынын аймактык менеджери Гүлгаакы Мамасалиева Фейсбук баракчасында билдиргенине караганда, Ош шаардык соту 28-июндан тартып 31-декабрга чейин нааразылык акцияларына тыюу салган чечим чыгарган. Нааразылык акциялары Муминов жана Руставели көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ататүрк паркында гана өткөрүүгө уруксат берилет.
Сот чечимине ылайык, Ош мэриясы митингдерди чектөө боюнча 5-июлда токтом чыгарды.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү




