Ош шаарында Терешкова атындагы жатак-мектептин ачылыш аземи өттү
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 29-августта, президент Садыр Жапаров иш сапары менен Ош шаарына келди. Мамлекет башчы Валентина Терешкова атындагы жаңы жатак-мектептин ачылыш аземине катышты.
Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага Орусиядан да делегация келди. Алардын арасында Мамлекеттик Думанын депутаттары бар.
Жатак-мектептин ачылышына мектепке ысымы берилген биринчи аял-космонавт Валентина Терешкова да онлайн катышып, куттуктоо сөзүн жолдоду.
Бул билим берүү мекемеси 700 орундуу окуу корпусу, 500 орундуу жатакана, спорт залы, волейбол аянтчалары, актовый зал, санитардык блок, эс алуу багы жана заманбап шарттары менен курулду.


Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




